Бүгүн, 21-мартта Бишкектеги «Аккула» ат майданында көк бөрү боюнча Жогорку лиганын финалында «Ынтымак» жана «Сары Өзөн» командаларынын ортосунда беттеш өттү.
Аталган команда “Сары-Өзөндү” 5:0 эсебинде жеңип алды.
Жалпы 37 команда катышкан. Байге фонду 7 млн сом.
Белгилей кетсек, биринчи лигада баш байгени “Жаштык” командасы уткан. Экинчи лигада “Көк-Жал” биринчи орунду алды. 40 жаштан жогоркулар арасында “Жети-Дубан” командасы алтын медалды багындырды.