7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Ыплас иштерди сиздер кайталабасаңыздар!” Жапаров депутаттарга чакырык жасады

228

“Буга чейин мыйзамдарды жеке кызыкчылык үчүн гана жазган депутаттар болду”, — дейт өлкө башчы Садыр Жапаров жаңы шайланган депутаттардын ант берүү аземинде.

Анын айтымында, айрым депутаттар ири суммадагы акча үчүн чет өлкөлүк уюмдардын кызыкчылыгына карай мыйзам жазып, аны өткөрүү менен алектенген.

“Айрым депутаттар өзүбүздүн эле олигархтардан өтө чоң суммада акча алып, алардын кызыкчылыгына карай мыйзам жазып, кабыл алып келген. Муну биз азыр “саясий коррупция” деп атап келе жатабыз. Буга араңарда көптөн бери депутат болуп келген менин мурунку кесиптештерим күбө. Жаңы келген депутаттар мурунку депутаттардан сурап алсаңыздар алар кимдер экенин айтып беришет. Эми урматтуу депутаттар, муун алмашып, заман өзгөрүп жаткан өткөөл маалда, жаңыча көз караш, жаңыча мамиле менен Кыргызстанды өнүктүрөлү! Силерден суранаарым жогорудагыдай жагымсыз, мыйзамсыз ыплас иштерди сиздер кайталабасаныздар! Ар бириниздерден мамлекетчил болулунуздарды суранар элем. Жалпы элдин, мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн иштеп бериңиздер!”, — деди президент.

229