Кыргыз Республикасынын Эл артисти Айчүрөк Иманалиеванын уулу Арген Иманалиев дүйнө салды. Бул тууралуу Иманалиеванын сахналаштары ырастады.
Анда айтылгандай, Арген 21-июнга караган түнү үйүндө көз жумган. Ырчы айымдын жолдошу Таалай Ороскулов жумушу менен Москвада жүргөндүктөн, Бишкек шаарына сапар алганы айтылууда. Арген Иманалиевдин сөөгү бүгүн саат 16:00дө жерге берилет деп маалымдалган.
Арген Иманалиев 1987-жылы туулган.
7-каналдын жамааты маркумдун жакындарына көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.