Ырчы Айпери Кубик кызы социалдык тармактагы баракчасына жолдошу менен эки жолго түшүүсүнөн соң күйөмандарына ал үчүн кыжаалат болбошун, баары жакшы экенин айтып билдирүү калтырган.
«Эмнеге ажыраштың. Кээде ушул суроого “Жөн эле, кылаарга ишим жок эле” дегин келип кетет да. Ким ак, ким кара экенин аныктоонун кажети жок. Болбоду, демек болбоду. Тагдырга баш ийгенди да билүү керек. Сеники болбосо, миң тырышсаң да баары бир буйруганы болот. Ыймандуусун, намаз окуйсун, анан неге ажырашасын? Туугандар, намаз окуу, хиджап менен мусулмандык парзымды аткарам. Парздарымды аткаруу менен гана мен Мусулманмын. Инсан- адашуучу. Бул жашоого сыноо үчүн келгендиктен, ар бир адам баласына сөзсүз сыноо берилет. Кимдир бирөөгө баладан, бирөөгө байлыктан, бирөө кедей, бирөөнүн үйү жок, бирөө ден соолугунан ажыраган, айтор баарынын башында бар… Дал ушул сыяктуу, мага сыноо турмуштан берилген деп ойлойм. Адам өзү көтөрө ала турган гана сыноо берилет дейт. Ушунчалыгына чексиз шүгүрлөр болсун. Үй бүлөдө эки адамдын максаты, түшүнүгү эки башка болсо бирге жашоо кыйын болот. Болоору болду, жашоо улана берет. Ооба, баары эле балдарды айтат. Элдеги акыл бизде деле бар. Мындай чечимге тез эле келген жокпуз. Канча аракеттен улам, такыр болбой, жол калбаганда гана ушундай кадам болду. Ар бир адам мандайына жазганын көрөт… Мага кыжаалат болгондорду өптүм, кучактадым. Жакшы көрөм силерди. Ойлонбоңуздар, менде баары жакшы»,- деген ал.