7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ырчы Нурчолпон Димаш Кудайбергендин сынагында жеңүүчү аталды

299

Ырчы Нурчолпон дүйнөгө белгилүү казак ырчысы Димаш Кудайберген тарабынан Түркестанда уюштурулуп жаткан эл аралык музыкалык долбоордун кезектеги чыгарылышында биринчи орунду ээледи.

Бул этапта таланттуу ырчы айым өзүнүн “Танец кочевника” аттуу автордук чыгармасы менен жеңишке жетип, биринчи орунду ээледи. Аталган ырдын сөзү да, обону да аткаруучунун өзүнө таандык. Ошол эле учурда чыгарманын экинчи куплетинде «Манас» эпосунан алынган саптар колдонулуп, чыгармага өзгөчө маани жана улуттук өң-түс берген.

Бул композиция Нурчолпондун репертуарындагы эң татаал чыгармалардын бири болуп эсептелет. Анда аткаруучу бир эле учурда музыкалык аспапта ойноп, бийлеп, вокалдык ыкмаларды бир нече жолу алмаштырып ырдоосу талап кылынат.

Ага карабастан, бул татаал чыгарманы жеңил, бий ыргагында жана жогорку деңгээлде аткарып, көрүүчүлөрдүн өзгөчө суктануусун жаратты.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

300