Ысык-Ата районунун Таш-Башат айылында мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 2022-жылы 21-ноябрда Ысык-Ата райондук милициясына телефон чалуу болуп, Таш-Башат айылында адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирилген. Өлтүрүлгөн жаран 1974-жылы туулган Д.К. болгон, анын бир нече ирет бычакталган сөөгү жерге көмүлгөн абалда табылган.
Милиция “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Белгилүү болгондой Д.К. 2022-жылдын 18-октябрынан тартып дайынсыз болуп жаткан.
Аталган кылмы иши боюнча шектүү катары 1997-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу жайга камакка алынды.
Тергөөнүн жүрүшүндө бул кылмышка мүлктүк талаш себеп болгону аныкталган.
Учурда тергөө иштери уланууда.