Эрмекбай Омошев Чүй облусунун Ысык-Ата районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Ал ошондой эле президенттин жарлыгы менен мурда ээлеген кызмат ордунан Нарын облусунун Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким кызматынан бошотулган.
Белгилей кетсек, райондун буга чейинки акими Алмазбек Осмонов кызматынан бошотулду. Ага анын ишеничтен кеткениндиги себеп болгондугу айтылат.