7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Ата райондук «Кадастр» мекемесинин директору кармалды

346

Ысык-Ата районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин директору кармалганын УКМКдан билдирди.

2001-2022-жылдар аралыгында Чүй токой чарбасы жана Чүй-Токмок «Кадастры» тарабынан 150 гектардан 4 сотука чейин аянттан 226 бирдик жер тилкелерине мамлекеттик актылар мыйзамсыз берилген.

Аталган фактыларды текшерүүдө, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жана Чүй токой чарбасынын кызматкерлерине, 1992, 1996, 1999, 2006-жылдарында «Көл-Төр» багбанчылык шериктештигинин жана Чүй токой чарбасынын эмгек жамаатынын кеңешинин жасалма протоколдорун пайдалануу менен Кегети «Көл-Төр-1» токойчулугунун жана Токмок «Көл-Төр-2» токойчулугунун аймагында жайгашкан дача тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Жыйынтыгында жалпы баасы 115 млн 632 миң сомду түзгөн 33,8 гектар жерге жеке менчик укугу боюнча, 39 мамлекеттик акт мыйзамсыз берилгендиги аныкталды.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар уланууда.

347