7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Атада айыпталуучуну качырган деп эки милиционер шектелүүдө

631

Райондук соттун кароосундагы адамды уурдоо, эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу, каракчылык жана адам өлтүрүүгө аракеттенүү фактылары боюнча өзгөчө оор кылмыштар менен айыпталган айыпталуучу “С.К.Т.” Ысык-Ата убактылуу кармоочу жайдан качып кеткен. Ага көмөктөшкөн деп Ысык-Ата районунун ИИБнин нөөмөтчү-милиционерлери Ж.Т.К. жана Д.Б.К. айыпталууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. 

Ысык-Ата районунун прокуратурасы УКЖнан айыпталуучунун качуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси (шалаакылык) менен кылмыш ишин козгоду.  

Учурда иш боюнча тергөө амалдары улантылып, анын жүрүшүндө бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган зарыл тергөө иштери жүргүзүлүүдө. 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

632