Ысык-Ата районунда ички иштер органдарынын кызматкерлерине зомбулук көргөзүүгө аракет кылган окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 26-ноябрда Ысык-Ата районунун аймагындагы көзөмөл өткөрмө жайынын биринен “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү эки автоунаа тиешелүү документтерин текшерүү максатында токтотулуп, бирок алар кызматкердин талабына баш ийбей качууга аракет кылышкан.
Кызматкерлер аркасынан кууп барып токтоткон учурда унаадагылар каршылык көргөзүп, ага күч колдонушкан. Буга ылайык ИИМдин өкүлү абага ок атып, эскертүү ирээтинде куралын колдонгон.
Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 355-беренеси (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) боюнча катталып, окуя болгон жерге тергөө ыкчам тобу барган.
«Жүргүзүлгөн териштирүү иштери учурунда автоунаалардын биринин айдоочусу аныкталып, ал 23 жаштагы М.М. атуу жаран экендиги такталды. Андан сырткары милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы автоунаа унаа токтотуучу жайга токтотулуп, тергөө кызматы тарабынан автоунаадан скотч менен оролгон буюмдар табылган. Бул окуя боюнча зарыл болгон экспертизалар дайындалды. Учурда экинчи унааны аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө», — деп берилет маалыматта.