7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Атада жылкы уурдоого шектелип эки жигит кармалды

696

Ысык-Ата районунда жылкы уурдоого шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Ысык-Ата РИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-декабрь күнү 1995-жылы туулган С.К. арыз менен кайрылып, Ак-Сай айылында жайгашкан жайлоодон белгисиз бирөөлөр 1 баш жылкысын уурдап кеткенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 2000-жылы туулган Ж.А. жана 2001-жылы туулган А.А. аттуулар кармалышкан.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

697