2026-жылдын 3-айынын жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматы тарабынан көлдүн акваториясынан жалпы узундугу 13 900 метрди түзгөн мыйзамсыз синтетикалык торлор алынды. Мыйзамсыз балык уулоо учурунда кармалган жарандардан кошумча 3 000 метр тор конфискацияланып, 300 даана балык Экологиялык-техникалык көзөмөл кызматына өткөрүлүп берилди.
Ал эми алдын алуу иштеринин натыйжасында жарандар өз ыктыяры менен 31 даана кытай синтетикалык торду тапшырышкан.
Отчеттук мезгил ичинде экологиялык багыттагы кылмыштар жана укук бузуулар боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 34 материал катталып, тергөө иштеринин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелеринин негизинде 4 жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Жалпысынан 16 кылмыш иши боюнча тергөө амалдары аяктап, сот органдарына жөнөтүлгөн. Мындан тышкары, аныкталган экологиялык кылмыштар боюнча жалпы суммасы 572 086 сом өлчөмүндө өндүрүү боюнча доолор коюлган. Аталган иштердин алкагында мурдагы браконьерлер тарабынан салынган синтетикалык торлорду чыгарып жок кылып, ошондой эле көл жээгине толкун менен чыгып калган эски торлорду жана таштандыларды тазалоо иштери системалуу түрдө жүргүзүлүп келет. Мындай чаралар көлдүн экологиялык абалын жакшыртууга багытталган. Мындан тышкары, туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери мыйзамдуу балык уулоочулардын уруксат берүүчү документтерин текшерип, калк арасында түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин активдүү жүргүзүүдө.
Негизги иш-чаралардын бири болуп рейддик текшерүүлөр эсептелет. Бул текшерүүлөр күндүз гана эмес, түнкү убактарда да өткөрүлүп, милиция кызматкерлери моторлуу кайыктарды жана түнкү көрүүчү тепловизорлор менен жабдылган дрондорду колдонуу аркылуу мыйзамсыз балык уулоочуларды аныктап, аларга карата мыйзам чегинде чараларды көрүшүүдө.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



