Бүгүн Казакстандын Bombardier Q400 NextGen учагы менен Алматы — Ысык-Көл — Алматы багыты боюнча биринчи каттам Ысык-Көл эл аралык аэропортуна келип конду.
Алматыдан Ысык-Көлгө учуу убактысы 35 мүнөттү, артка учуу 1 саатты түзөт. Каттамдар жумасына 2 жолу – дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат.
Компас туроператору жыл сайын 10 жылдан ашык катары менен Алматы – Ысык-Көл – Алматы багытында каттамдарды аткарып келет.