Дем алыш күндөрү Ысык-Көлдөн Бишкек шаарына кайткан унаалардын саны көп болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдиришти.
Буга байланыштуу ЖКККББнын Ысык-Көл жана Чүй облусу боюнча кызматкерлери жана борбордук аппаратынын өздүк курамы Бишкек — Ысык-Көл багыты боюнча айланма жолдо жол тыгындарын жөнгө салуу үчүн дем алыш экенине карабай иш алып барышты.
«Авто унаалардын саны абдан көп болгондуктан каршы тилкеге чыккан 7 айдоочуга жана ылдамдыкты ашыра айдаган 353 айдоочуга тийиштүү айып пулдар салынды», — деп айтылат маалыматта.
ЖКККББ жалпы айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.