Каракол шаарында УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин коррупцияга каршы күрѳш демилгесинин негизинде облустук жана муниципалдык уюмдардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткѳрүлдү.
Жыйындын күн тартибинде президент Садыр Жапаров кол койгон жаңы мыйзамдарга жана 2025–2030-жылдарга карата мамлекеттик стратегияга ылайык, коррупцияга каршы күрөшүү чараларын күчөтүү маселелери каралды.
Жаңы мыйзамдарда төмөнкүдөй негизги өзгөртүүлөр каралган:
• Коррупциялык кылмыштар үчүн күнөөлүү деп табылган адамдарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөөгө өмүр бою тыюу салуу.
• Коррупциялык кылмыштар үчүн жазаны айып пулга алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн алып салуу.
• Коррупциялык кылмыштар үчүн күнөөсүн мойнуна алган учурда жазанын минималдуу мөөнөтүн белгилөө.
Ысык-Көл облусунун УКМК башкармалыгынын башчысы А.А.Капаров коррупцияга каршы аракеттенүү, коррупциялык көрүнүштөрдү түп тамыры менен жоюу, мамлекеттик саясаттын эң маанилүү багыты экендигин айтып, жоопкерчиликтин оордугу айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип жазалардын күчөтүлгөнүн белгилеп кетти.
Жыйындын алкагында Билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин ѳкүлдѳрү 2024-жылдын ноябрь айында УКМК тарабынан ѳткѳрүлгѳн жыйында коррупцияга каршы күрѳшүү боюнча берилген сунуштардын аткарылуусу тууралуу маалыматтары угулду.
Ошону менен бирге коррупцияга каршы күчѳтүлгѳн мыйзам ѳзгѳртүүлѳр презентация түрүндѳ кѳрсѳтүлүп ар бир берене боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жыйындын жыйынтыгында облустук жана муниципалдык уюмдарга мыйзамдын жана стратегиянын жоболорун натыйжалуу ишке ашыруусу боюнча тапшырмалар берилди.