7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көл райондук сотунун эки мыйзамсыз чечими аныкталды

410

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2015-жылы Ысык-Көл райондук соту тарабынан Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында жайгашкан “Рояль бич” мейманканасынын аймагындагы 8,19 гектар жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүүгө негиз болгон чечим чыгарылганы аныкталды.

Тактап айтканда, Мамлекеттик каттоо кызматынын каттоо делосунда Ысык-Көл райондук сотунун аталган токтому менен менчикке берилген жер тилкелеринин аянтында олуттуу айырмачылыктар (2,05 га) бар, башкача айтканда сот бир иш боюнча материалдык пайда алуу максатында ар кандай өлчөмдөгү жер аянттары менен эки мыйзамсыз чечим кабыл алган.

Ысык-Көл облусунун сот органдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 42 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында ыкчам-иликтөө иштери улантылууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

411