7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көл районунда жашы жете элек 3 балалуу жаранга кезексиз жер берилди

690

Ысык-Көл районунда жашаган социалдык жактан аярлуу катмардагы жарандарга жер тилкелери берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзамга ылайык, ата-энеси жок, камкордуксуз калган балдарга жана мүмкүнчүлүгү чектелгендерге турак жай жана жер тилкелери кезексиз берилүүгө тийиш.

Аталган категориядагы адамдардын укуктарын коргоо максатында, Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан Тамчы айыл өкмөтүнө мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө прокурордук чара көрүү актысы  киргизилген.

Прокурордук актыны кароонун жыйынтыгы менен көрсөтүлгөн айыл өкмөттүн аймагынан жашы жете элек 3 балалуу, мүмкүнчүлүгү чектелген И.А. аттуу жаранга 0,12 га жер тилкеси, ошондой эле аз камсыз болгон, жарым жетим Ж.Б. аттуу жаранга 0,10 га жер тилкеси турак жай куруу үчүн бөлүндү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

691