7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө 15 жаштагы өспүрүм кызды зордуктоого шектелип эки жаран кармалды

3

Ысык-Көлдө эки жигит 15 жаштагы кызды зордуктаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызматы билдиргендей, 4-январда Каракол шаарынын 1975-жылы туулган тургуну укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган.

«Ал 2-январь күнү 2010-жылы туулган жашы жете элек кызы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келбегендигин билдирген. Кыз табылып, Каракол РИИБнин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Ал 7-январь күнү Ак-Суу айылындагы белгисиз үйдөн зордукталганын айткан. Окуя катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бул факты боюнча «16 жашка чыга элек адамга карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» беренеси боюнча кылмыш иши козголду», — деп айтылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары Ак-Суу районунун тургундары О.У. жана Б.К (экөө тең 2006-жылы туулган) кармалган. Алдын ала маалыматтарга караганда, кылмышка шектүүлөр күнөөсүн мойнуна алышкан. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

4