18-сентябрдан бери Ысык-Көлдө 44 жаштагы эркек киши менен 45 жаштагы аял дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, А.М. менен Р.М. Ак-Суу районунун Эңилчек айылынан чыгып, Баш-Көл деп аталган тоо тарапка кетишкен. Туугандарынын айтымында, экөө тең 28-сентябрда кайтып келиши керек болчу. Бирок бүгүнкүгө чейин дайынсыз болууда.
Эскерте кетсек, буга чейин туугандары өз алдынча издешип натыйжа болгон эмес. Бүгүн, 4-октябрда, 5 куткаруучу тартылып, издөө иштери уланууда.