Ысык-Көлдө 9 жашар кызды сабап, зордуктап кетишкен. Бул тууралуу 7-каналга Ысык-Көл ОИИБ кабарлады.
Үрөй учурган окуя 9-сентябрда күндүз саат 11:30 чамасында болгон. Жети-Өгүз РИИБине кыздын апасы арыз менен кайрылган.
Бул боюнча кылмыш иши козголуп, Барскоон айылынын 19 жана 25 жаштагы тургундары шектелип кармалган.
Алар соттун чечими менен эки айга камакка алынды. Учурда тергөө амалдары уланууда.