7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө алдамчылыка шектелип сот аткаруучу кармалды

607

Ысык-Көлдө алдамчылыка шектелип сот аткаруучу кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматкери Сталбек Усубакунов билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 2020-жылдын 31-октябрында прокуратура органдарына арыз менен 35 жаштагы жаран кайрылган. Анда Ысык-Көл райондук сотунун сот аткаруучусу жана банк кызматкерлери тарабынан жасалган алдамчылык иш-аракеттеринин натыйжасында, аукциондо кыймылсыз мүлктү сатууда өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгенин билдирген.

Аталган арыз Ысык-Көл райондук прокуратурасында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш ишин өткөрүү үчүн материалдар Ысык-Көл РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Кылмыш бетин ачуу максатында аталган кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо тергөө тапшырмасы берилген. 16-март күнү кылмышка шектүү адамдын аты-жөнү аныкталып, колго түшүрүлгөн.

Шектүү адам Ысык-Көл райондук соттунда сот аткаруучу, Бостери айылынын А.Э. аттуу тургуну болуп чыгып, ага кылмыш ишине шектелип жаткандыгы жөнүндө билдирүү берилген.

Кылмышка шектелип кармалган А.Э. соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча Ысык-Көл РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Алдын ала тергөө маалыматтары боюнча, анын кылмыштуу аракеттеринен мамлекетке төрт жарым миллион сомдон ашуун зыян келтирилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

608