7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө «Байрактар» учкучсуз учактарын колдонуу менен тактикалык машыгуу өтүүдө

649

Ысык-Көл облусунда бүгүн, 31-мартта, «Калкан-2022» атайын тактикалык машыгуусу өтүүдө. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Президент — өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысы Садыр Жапаров Балыкчы шаарындагы Коргоо министрлигинин «Эдельвейс» окуу борборунун базасында өтүп жаткан машыгууга көз салууда.

Машыгуунун негизги максаты — мамлекеттик чек ара тилкесинен өтүп кирип келген шарттуу душманды жок кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнүн иш-аракеттеринин ырааттуулугун иштеп чыгуу. Машыгууга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин бөлүктөрү катышууда. Машыгуунун жүрүшүндө Куралдуу күчтөрүнүн тарыхында биринчи жолу УКМКнын Чек ара кызматынын куралдануусундагы «Байрактар ТБ-2» сокку уруучу учкучсуз учактары колдонулат.

УКМКнын Чек ара кызматынын аскерлери куралданган «Байрактар ТБ-2» сокку уруучу учкучсуз учактары 2021-жылы республикалык бюджеттин каражаттарына сатылып алынган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

650