7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө дыйкан өрүк багынын түшүмүн элге акысыз таратууда

622

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз облусунун Саруу айылынын тургуну Азамат Мажиков 13 гектар жерге өстүргөн өрүк багынын түшүмүн элге акысыз таратат.

Дыйкандын мындай кадамга барышына быйыл түшүмдүн өзгөчө мол болгону менен жумушчу күч кымбат болуп, өрүктү убагында жыйнай албай калгандыгы себеп болгон.

“Бул жылы кулпунай жана алчага басым жасадык. Ал эми өрүк терүүгө кол жетишпей жатат. Жумушчу күч жалдайын десем алардын ар бирине күн сайын 2 миң сом эмгек акысын төлөп туруу керек. Ал мен үчүн чыгашадан башка пайда алып келбейт. Ошондон улам үй-бүлөм менен кеңешип, өрүктү бардык каалагандарга акысыз таратууну чечтик”, — деди ал.

Жалпысынан 64 гектар жер аянтына алма, алмурут, алча, карагат, кулпунай сыяктуу айыл чарба азыктарын өстүрүү менен алектенген дыйкан Азамат Мажиков буга чейин өрүк экспорттоого жетишкен.

 

 

 

623