7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
20°C

Ысык-Көлдө эс алуучулардын буюмдарын уурдап жүргөн жарандар кармалды

166

Ысык-Көлдө эс алуучулардын буюмдарын уурдап жүрүшкөн уурулардын тобу кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бостери айылында жана Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуу мекемелеринин аймагындагы пляждарында эс алуучулардын мүлкүн уурдаган жаштардын тобу кармалган. Алар бир катар уурулукка шектелгендер, мурда соттолгон Бишкек шаарынын тургундары, 20 жаштагы К.Б., СИ., Д.И. жана Чүй облусунун 23 жаштагы тургуну Т. А. болуп чыгышты. Кармалган үч шектүүгө карата райондук сот тарабынан үй камагына чыгаруу чарасы тандалып алынган, ал эми шектүү Д.И. тергөө амалдарын жүргүзүү мезгилинде 2 айга камакка алынган.

Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы шектүүлөргө карата эс алуучулардын мүлкүн уурдаган 8 факты боюнча айыптарын угузушту. Шектүүлөр негизинен уюлдук телефондорду жана акча каражаттарын уурдашкан. 8 факт боюнча жалпы материалдык зыян 310 496 сомду түздү.

Учурда жабырлануучуларга келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

167