7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдөгү «Фонтан» эс алуу жайын мыйзамсыз ээлеп алышкан

356

«Фонтан» эс алуу борборун мыйзамсыз тартып алуу жана ошондой эле бир катар жер участокторун мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча Башкы прокуратура тарабынан козголгон иштин алкагында кылмыш иштери тергелип жатат. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Жактоочу менен Д.Ш. алдын ала сүйлөшүп алып, О.Г. аттуу жарандын Кыргызстандын аймагында жоктугунан пайдаланып, анын жакындарынын ишенимине кирип, алдоо жолу менен «Фонтан» эс алуу борборун, ошондой эле карамагындагы башка мүлктөрдү тартып алышкан.

Материалдык баюу максатында, анын макулдугусуз бир катар жер участокторун сатышып жана аларды сатуудан түшкөн 600 миң доллардан ашык суммадагы каражаттарды өзүлөрүнө алышкан. Мындан тышкары, аталган адамдар башка адамдар менен сүйлөшүп алып, жеке курулуш уюмдарынын өкүлдөрү менен «Фонтан» эс алуу жайынын өзүн сатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү да жүргүзүшкөн. Жактоочу менен аталган жаран өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык кылган деп айыпталууда.

Жактоочунун апасы кызынын ата-энесинин үйүндөгү мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу боюнча чара көрүү жөнүндө УКМКга арыз менен кайрылган. Ушундай эле кайрылуу менен жактоочуга карата чара көрүү боюнча дагы бир айыпталуучу кайрылган.

Учурда өзүнчө маалыматтык порталдарда Д.А. боюнча атайылап жалган маалымат таркатылып жаткандыгы туралуу юридикалык баа берилет.

 

357