Ысык-Көлдө «Хизбут-Тахрир» уюмунун мүчөсү өз ыктыяры менен баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарды аныктоо, бөгөт коюу жана алардын ишмердүүлүгүнүн алдын алуу алкагында, Ысык-Көл областынын Түп районунундагы диний кырдаал боюнча жалпы түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары өткөрүлгөн.
Диний экстремизмге каршы туруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун кыймылынын ишмердүүлүгүнө Түп районунун тургуну айрым жашоочуларды тартуу иштери аныкталды.
«Өткөрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгында, КР жараны «Т.М.А.» өз жаңылыштыгын эл алдында моюнга алып, динге ишенгендерди жана экстремисттик көз-карашты колдогон башка мүчөлөрдү исламдын негизинде гана аткарууга чакырды жана бул экстремисттик кыймылдын иш-аракеттеринен мындан ары катышуудан өз ыктыяры менен баш тартышты. УКМК тарабынан тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнүн арасында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү боюнча иш-чараларды улантылууда», — деп берилет маалыматта.