7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө Көлбаевге тиешелүү 115 гектар жер мамлекетке кайтарылды

485

Ысык-Көл облусунда Камчы Асанбекке (Көлбаев) тиешелүү 115 гектар жер мамлекетке кайтарылганын УКМКдан билдиришти.

Маалымата караганда, улуттук коопсуздук органдары тарабынан Кыргызстандын Н.Р.Р. аттуу жараны 2022-жылдын март айында “Этномаданиятты, асыл тукум жылкы чарбасынын ат спортунун индустриясын өнүктүрүү борбору” мамлекеттик ишканасы менен 115 га жерди (айдоо жерди) ижарага алуу келишимин түзгөнү аныкталды.

Аталган жаран тоют өстүрүү жана мал чарбачылыгы менен алектенүү үчүн Ысык-Көл районунун Григорьевский айыл аймагында 80 гектар жана Семеновский айыл аймагында 35 гектар жер тилкесин пайдаланганы аныкталган. Ошол эле учурда ал К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн малын багып, аларды багуу үчүн тоют өстүрүп, ошону менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө материалдык колдоо көрсөтүп келген.

Учурда Ысык-Көл районундагы көрсөтүлгөн 115 гектар жер, “Этномаданиятты, асыл тукум жылкы чарбасынын ат спортунун индустриясын өнүктүрүү борбору” мамлекеттик ишканасынын жери мамлекетке кайтарылды.

УКМК Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар кошумча адамдарды жана кылмыш жолу менен алынган башка мүлктөрдү аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын улантууда.

 

486