Бишкек ШИИББдин ыкчам кызматкерлери сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүүгө шектүү жаранды кармашты.
Маалыматка караганда, 1-декабрь күнү милицияга жаран арызы менен кайрылып, анда “Н” атту жарандын үстүнөн мыйзамдуу чара колдонуп берүүсүн суранган. Себеби ушул жылдын үч ай аралыгында 2005-жылы туулган К.А. аттуу жашы жете элек небересин сойкулук менен алектенүүгө көмөктөшүп жүргөнүн билдирген.
Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинин 2 бөлүгүнө(Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү, Ошол эле кылмыш балдарды пайдалануу менен жасалса) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 2000-жылкы жаран аныкталган. Кармалган жаран Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда иликтөө иштери уланууда.