7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө миңге жакын студент окуудан чыгарылды

314

Ысык-Көл облусундагы жогорку окуу жайларында окуган миңге жакын студент окуудан чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, студенттердин сабакка катышуусун жана билим сапатын комиссиялык текшерүүдө окуу жайлардын талаптарын эске албаган студенттер аныкталган.

Тактап айтканда, 2024-2025-жылдагы окуу мезгилиндеги 941 студент окуудан чыгарылды.

— К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинен — 779 студент;

— Ж.Баласагын атындагы КУУнун гуманитардык-табигый илимдер факультетинен – 114 студент;

— И.Ахунбаев атындагы Каракол медициналык колледжинен — 48 студент.

Комиссиялык текшерүү уланууда.

315