Ысык-Көлдө мыйзамсыз бактарды кыйган деген шек менен жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ыйлайык, 19-ноябрь күнү Пионер айылынын 24 жаштагы тургунунун үйүндө мыйзамдуу тинтүү иштери жүргүзүлүп, ар биринин узундугу 5 метрди түзгөн, 16 даана мыйзамсыз кыйылган Тянь-Шань карагайы табылган.
Бул факты Ак-Суу РИИБинде каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Материалдык зыяндын өлчөмүн аныктоо үчүн материалдар тийиштүү мамлекеттик органдарына жиберилген.
Эскерте кетсек, мыйзамсыз бак-дарактарды кыюу үчүн КРнын мыйзамдары менен жоопкерчиликтер каралат.