Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоо учурунда 21 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Ысык-көл ОИИБден билдиришти.
Кармалган И.А. аттуу жарандан далил зат катары үйлөмө резина кайыгы, 3 даана синтетикалык балык уулоочу тор жана мыйзамсыз кармалган 19 даана балык, анын ичинен 17 даана «Карась» жана 2 даана «Судак» балыктары алынды.
Аталган факты боюнча материалдар Түп РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, келтирилген чыгымды аныктоо үчүн тийиштүү мамлекеттик органдарга жолдомолор жөнөтүлдү.
Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.