7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдөн 1 150 метр синтетикалык тор алынды

295

Ысык-Көл районуна караштуу бир катар аймактардан жалпы узундугу 1 150 метрди түзгөн браконьердик торлор алынды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирет.

Торлор күн мурун Туристтик-экологиялык милиция кызматы тарабынан браконьерликке каршы багытталган иш-чаралардын жана көл акваториясын мыйзамсыз салынган синтетикалык торлордон тазалоого арналган күнүмдүк иш-аракеттердин жүрүшүндө табылган.

Рейддик иш-чаралардын жыйынтыгында Тору-Айгыр айылынын аймагынан көл үстүнөн 300 метр, Өрүктү айылынан 400 метр жана Кожояр айылынан 450 метр синтетикалык тор табылып, чыгарылды. Аталган аракеттер экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана балык ресурстарын коргоо максатында өткөрүлүп, браконьерликке каршы күрөштү күчөтүү аракеттеринин алкагында жүргүзүлүүдө. Бул багыттагы рейддер үзгүлтүксүз улантылат.

296