Көгүлтүр көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иши ӨКМдин суучулдары тарабынан жигердүү уланууда.
Учурда Ысык-Көлдүн Каракол булуңундагы көлдүн аянтын тазалап, 26-марттан баштап 17-апрелге чейин 2585 кг таштанды, 18900 метр балык уулоочу тор чыгарышты.
Белгилей кетсек Ысык-Көлдү масштабдуу түрдө тазалоо иши президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана жарлыгынын негизинде ишке ашууда.