7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдөн Кытайга кеткен жолду салууга 3 жылда канча сом жумшалат?

18

Ысык-Көл облусунан Кытайга кеткен Барскоон – Бедел жолунун курулушуна үч жылда 53.4 млрд сом жумшалат. Бул тууралуу Акчабар өлкө бюджетинин 2026-жылга карата долбоору жана 2027-2028-жылдарга карата божомолуна таянып билдирди.

Келерки жылы аталган жолдун курулушуна 17 млрд 680 млн сом, 2027-жылы – 17 млрд 860 млн сом жана 2028-жылы – 17 млрд 900 млн сом бөлүү пландалууда. Ошодо үч жылда курулуш иштерине 53 млрд 440 млн сом кетет.

Эскерте кетсек, Барскоон – Бедел Кыргызстан менен Кытайды байланыштырган үчүнчү унаа жол болот. Жолдун узундугу 150 чакырымга жетет. Анын негизги курулуш иштери 2029-жылы күзүндө бүткөрүлүп, жол ачылат. 2030-жылдын сентябрына чейин кошумча жумуштар бүткөрүлүп, жол расмий пайдаланууга берилет.

Бул жолдун курулушунун алкагында узундугу 3.8 жана 5.5 чакырым болгон эки тоннель, 30дан ашык көпүрө, кар көчкүдөн, таштан коргогон өткөөлдөр салынат. Жолдун курулушу 2025-жылы 27-августта расмий башталган.

 

19