7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдүн түштүк жээгине «Караван» аллеясы курулат

612

Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылына «Караван» аталышындагы аллея куруу пландалууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда агенттиктин Жети-өгүз районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан курулуштун эскиздик долбоору иштелип чыкты.

Белгиленгендей, аталган аллеяда кыргыздын улуттук зер буюмдарын (сувенир) жана башка кол эмгектерин сатуу үчүн жайлар каралган.

Андан тышкары, аллея тургундар үчүн сейилдөөчү жай, эс алуу үчүн бир нече боз үйлөрдү жана унаа токтотуучу жайды камтыйт.

613