7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдүн Темир айылында селден жабыркагандарга материалдык жардам көрсөтүлөт

398

Ысык-Көл облусунун Темир айылында селдин кесепетинен жабыркагандарга материалдык жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов билдирди.

Анын айтымында, селден 200дөн ашуун турак жай жабыркаган. Бузулган үйлөрдүн даражасына жараша бардык жабырлануучуларга материалдык жардам көрсөтүлөт, ал эми толук жабыркаган үйлөрдүн ордуна жаңы турак жайлар салынат.

Акимчиликтен белгилешкендей, бүгүн Темир айылында август айындагы селден жабыркаган тургундар үчүн 5 турак үйдүн курулушу башталды. Үйлөрдүн курулушу Мамлекеттик курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги тарабынан тандалган “Роялсафа” түрк курулуш компаниясы тарабынан ишке ашырылмакчы.

Селдин кесепеттерин жоюу жана жабырлануучуларга компенсация төлөп берүү максатында мамлекет тарабынан 74 млн сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, мамлекеттик кызматкерлер бир күндүк айлыгын атайын эсепке которушкан, ошондой эле демөөрчүлөр жана жарандар дагы жардам көрсөтүшкөн.

 

399