Бүгүн, 2-майда Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдыгына карата Чолпон-Ата шаарында “Run the Silk Road-ШКУ” эл аралык Ысык-Көл марафону өтүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Салтанатуу ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов катышып, иш чараны расмий түрдө ачып беришти.
“Бардык катышуучуларды жана конокторду Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдыгына арналган эл аралык марафондун ачылышы менен куттуктайм. Бул маанилүү иш-чара спорт аркылуу өлкөлөрдү жана элдерди бириктирет. Бардык катышуучуларга ийгиликтүү старт, таза атаандаштык жана жогорку жыйынтыктарды каалайм. Бул марафон ар бириңиздерге унутулгус эмоцияларды жана жаңы жетишкендиктерди тартууласын”, — дейт Урмат Асанбаев катышуучуларга ийгилик каалап.
Эске салсак, аталган ири спорттук иш-чарага 20 мамлекеттен жана жергиликтүү 3000ден ашык спортсмендер 5 дистанция боюнча чуркашты.
Дистанциялар:
- 42,2км — марафон;
- 21,1км — жарым марафон;
- 10км — чуркоо;
- 3км — массалык чуркоо
- 10км- скандинавиялык басуу.



