Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундардын билдирүүсү боюнча саркынды сууну агынды сууга куйган фактысын аныкташты.
16-март күнү социалдык тармактарда Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын четиндеги ишканадан чыккан саркынды суулар агын сууга куюлуп жаткандыгы тууралуу маалымат тараган.
Бул маалымат боюнча милиция кызматкерлери жерине барышып, арыктын четинде орун алган темир түтүктөн саркынды суулар арыкка агып жатканын аныкташкан. Ал эми, саркынды суулар агып жаткан жерде жагымсыз жыт орун алганын жана суунун өӊү бозомтук экени да такталды.
«Аталган факты боюнча топтолгон материалдар экологияга келтирилген зыянды аныктоо үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилет. Корутундунун жыйынтыгы боюнча райондук милициянын тергөө кызматы тарабынан юридикалык баа берилмекчи. Учурда текшерүү иштери уланууда» — деп берилет билдирүүдө.