Ысык-Көл районунун Кызыл-Өрүк айылындагы “Улан” турбазасынын 20 чарчы метр өткөрүү пункту жана ичиндеги буюмдары күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, өрттүн кесепетинен 1949-жылы туулган К.А. аттуу эркек киши жабыркап, денесинин 90%ы күйүп, 4 даражадагы күйүк алган.
Жабырлануучу ооруканага жеткирилгенден кийин каза болуп калган.
Учурда өрттүн себеби такталууда.