7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө тургундун үйүнөн баңгизат өндүрүүчү лаборатория аныкталып, 26 килограмм баңгизат алынган

704

Ысык-Көлдө каннабис тобундагы баңгизаттарды мыйзамсыз колго өндүрүүчү лаборатория аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Т.А., аттуу тургунунун үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында каннабис тобундагы баңгизаттарды өндүрүүчү лаборатория үчүн жабдылган кампадан көк түстөгү 100 литрлик желим бочканын ичинен жашыл түстөгү зат табылып алынган. Ал таңгактары менен жалпы салмагы 26 килограммды түзгөн. Болжол менен гашиш баңгизат каражаты болгон.

Ошондой эле ал жакта баңгизатты жасоочу шаймандар болгон. Терезесинен боз түстөгү желим идишке салынган салмагы 26 граммды түзгөн гашиш баңгизаты табылып, алынган. Алынган баңгизаттардын жалпы салмагы 26 килограмм 26 граммды түзөт.

Кармалган шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

705