7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө туристтерди тейлөө борборлорун куруу иштери кызуу жүрүүдө

489

Ысык-Көлдүн айланасында туристтерди тейлөө борборлорун куруу иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2023-жылы “Ысык-Көл облусунда туризмди туруктуу өнүктүрүү” 3-компонентинин алкагында Ысык-Көлдүн айланасында туристтерди тейлөө борборлорун куруу үчүн подрядчыны тандоо иштери жүргөн.

“Бүгүнкү күндө Балыкчы шаарында, Түп, Теплоключенка, Бөкөнбаев, Тосор айылдарында курулуш иштери башталып, бардык объекттерде жумуштар кызуу жүрүп жатат. Тагыраагы фундамент куюу иштери аяктап, темир тирегичтерди (имараттын каркасы) жана чатырды орнотуу иштери башталды” – деп айтылат маалыматта.

2023-жылдын июль жана ноябрь айларында туристтерди тейлөө борборлорунун курулуш жерлеринде долбоор, даттанууларды кароо механизми, аларды кароо тобун жарыялоо боюнча коомдук угуулар өткөрүлдү.

490