7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө УКМКнын жаңы имараты ачылып, ага Камчыбек Ташиев катышты

908

УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-августта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.

Имаратты Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев салтанаттуу түрдө ачты. Ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү И.Ж.Иманбетов, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими Э.И.Бахавадинов, Башкармалыктын өздүк курамы, жана ошондой эле Аппараттын кызматкерлери, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты.

Жаңы имарат кызматкерлер үчүн бардык заманбап талаптарга жооп берген керектүү шарттар менен толук жабдылган.

Генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев кызматкерлерди куттуктап, УКМКнын кызматкерлери мындан ары да республиканын бардык облустарында жана райондорунда өз милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн шарттар түзүлө берерин белгиледи.

Ошондой эле, УКМК төрагасы Ташиев актуалдуулугун эске алуу менен, коррупцияны жоюу жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча чараларды ишке ашырууну улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган Кыргызстандагы коопсуздукту камсыз кылууга жана мыйзамдуулукту бекемдөөгө багытталган милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын билдирди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

909