7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө жол кырсыктан улам 18 жаштагы жигит каза болду

1779

Түптө жол кырсыгынан 18 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 7-май күнү саат 00:57 чамасында Ысык-Көл облусунунТүп районунда Шаты-Ичке-Суу-Талды-Суу унаа жолунун 1-чакырымында (Шаты айылы) “БМВ-525” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ болбой жолдун жээгиндеги бакты сүзүп алган.

Анын кесепетинен 18 жаштагы бала каза болуп, дагы 3 адам жабыркаган (үчөө тең 18 жашта).

Жерине ӨКМдин куткаруучулары тартылып, каза болгон жарандын сөөгүн чыгарып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркаган жарандар тез жардам кызматынын унаасында райондук ооруканага жеткирилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1780