7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-суукка карабай аянтта тик туруп желек кайтарган жоокерлер

633
Аянттын так ортосунда ысык-суукка карабай желбиреп турган тууну кыймылдабастан тике туруп кайтарган жоокерлер сизге да кызык болсо керек. Желекти ар бир жоокер эле кайтара бербейт, өзүнүн дагы талаптары болот. Алдыда алар тууралуу кыскача маалымат беребиз.
Улуттук Гвардияга бир жылда күзгү жана жазгы чакыруу менен аймактардан жоокерлер тандалып келет. Аларга кандай талаптар коюлат?
  • Тандалган жоокер орто билимдүү, бою 180 сантиметрден кем эмес, сырткы келбети жагымдуу, ден-соолугу чың, өзү жана үй-бүлөсү милициянын каттоосунда турбаган, үй-бүлө мүчөсү толук болушу шарт.
  • 18-19 жаштан жогору тандалып алынып, андан соң 5 ай даярдыктан өтүшөт. Улуттук Гвардиянын бөлүм башчылары белгилеп кеткендей “Желекти кайтаруу — бул катардагы ар бир жоокердин кыялы».
  • Ала-Тоо аянтына жакын жерде желекти кайтарган жоокерлер үчүн атайын эс алуу бөлмөсү бар. Ал жерге гвардиядан желекти кайтаруу үчүн 8 аскер бөлүнөт. Жоокерлер эртең менен 08:00дөн тартып желекти көккө көтөрүшөт, экөө күзөттө турса, экөө коштоп барышат.
  • Калган жоокерлер бөлмөдө өз кезегин күтүшөт. Алар китеп окуп, сыналгы көрүп, шахмат ойношуп эс алышат. Ал эми алмашуу кезеги жакындаганда 10 минута эрте чыгып, денени даярдоо үчүн басып келишет.
  • Жоокерлерге кыш мезгилинде 08:00- 18:00гө чейин,  жайкысын кечки 20:00 чейин кайтаруу милдет. Алар ар саат сайын алмашып турушат жана күн өтө ысып кеткенде жарым саат сайын алмашышат. Кыш мезгилинде болсо желекти кайтаруу мөөнөтү 30 мүнөтгө гана созулат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

634