7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Директор 5 миллиондук кылмышы үчүн пара берип жаткан жеринен кармалды

478

“Юг-Спецавтоматика” ЖЧКсынын директору “К.Т.И.” пара берип жаткан жеринен  кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусундагы Капиталдык курулуш дирекциясынын жооптуу кызматкерлери подрядчы уюм менен Сузак районунун Талаа-Булак айылындагы А.Матиев атындагы №76 орто мектептин курулушунда курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүнүн баасын жогорулатуу боюнча өз ара сүйлөшүп алышы мүмкүн болгон фактысы аныкталган. Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, “Юг-Спецавтоматика” ЖЧКнын аткарылган иштердин актылары менен аталган мектепти кабыл алуу документтеринде айырмачылыктар аныкталган.

Аталган кылмыш иши боюнча аудитордук текшерүү дайындалып, алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 4 миллион 912 миң 888 сом зыян келтирилгени аныкталган.
“Юг-Спецавтоматика” ЖЧКнын директору “К.Т.И.” УКМКнын кызматкерине бааларды макулдашуу маселесинде «оң жагына чечүү» үчүн 2 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштап, берип жаткан жеринен кармалды.

2021-жылдын 2-ноябрында «Юг-Спецавтоматика» ЖЧКсынын директору “К.Т.И.” Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 328-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кылмышка шектүү делип, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, Жалал-Абад ОИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

479