7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Юнифрост” Орусия рыногуна кирген балыктын агымын көзөмөлдөп жатабы?

6

“Юнифрост” Орусия рыногуна кирген балыктын агымын көзөмөлдөп жатабы? Кыргызстандык өндүрүүчүлөр коррупциялык схема бар экенин билдиришти.

Кыргызстандагы бир катар балык чарбалары акыркы күндөрү Орусияга экспорттоодо олуттуу тоскоолдуктар жаралып жатканын билдиришти. Бул тууралуу «Тянь-Шань форель» компаниясынын өкүлү Андрей Назаров тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылып жатып маалымдады.

Назаровдун айтымында, акыркы он күн ичинде Россельхознадзор тарабынан жүктөрдүн кармалышы көбөйүп, ашыкча жана узакка созулган текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Натыйжада балык товарлары өз убагында рынокко жетпей, өндүрүүчүлөр олуттуу чыгымга учурап жатышат.

Анын маалыматына караганда, жайында кыргызстандык балыктын баасы Орусияда 650–700 рубль болгон болсо, акыркы тоскоолдуктардан улам 500 рублге чейин түшүп кеткен. Мунун фонунда Орусиянын ички базарында оптовая баа 1,2 миң рубль, Жаңы жылга карата 1,5 миң рублге чейин өсөрү күтүлүүдө.

«Мындай мезгилде жүктү атайылап кармоо продукцияны арзан баада сатууга мажбурлоочу атайын схема сыяктуу көрүнөт», — дейт Назаров.

Анын айтымында, бул көрүнүш биринчи жолу болуп жаткан жок. Өндүрүүчү Россельхознадзордун ишинде коррупциялык схема бар деп эсептейт. Ал схема негизинен ООО “Юнифрост” компаниясына артыкчылык берип, балык экспортунун дээрлик монополиялашуусуна алып келгени айтылат. Назаровдун билдиришинче, Юнифростко сатылган товарлар текшерүүдөн тоскоолдуксуз өтсө, башка өндүрүүчүлөрдүн түз жеткирүүлөрү көп учурда кайтарылып же кармалып калууда.

Өндүрүүчүлөр мындай абал Кыргызстандын балык чарба тармагына түздөн-түз коркунуч жаратып, чарбалардын чыгымга батышына, өндүрүштүн токтошунa, айрым ишканалардын банкротко учурашына алып келиши мүмкүн экенин белгилешүүдө.

«Биз Орусия менен экономикалык кызматташтыкты жогору баалайбыз. Бирок Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү болгонубузга карабастан, мындай тоскоолдуктардын уланышы өндүрүүчүлөрдү альтернативалуу рынокторду, айрыкча Кытай багытын, карап чыгууга мажбурлап жатат», — деди Назаров.

Анын айтымында, бир рынокко көз карандылык Кыргызстанды басым-кысымга алууга ачык калтырат. «Мындай шартта өзүңдөн-өзү суроо жаралат: Кыргызстан Таможня союзуна кошулганынан кандай пайда көрдү?» — дейт ал.

Назаров мамлекеттик жетекчилерге кайрылып, маселени улуттук деңгээлде кароону, адилет шарттарды камсыздоону жана өндүрүүчүлөргө мыйзамдуу иштөөгө мүмкүнчүлүк берүүнү суранды.

7