7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Юстиция: БШКга каттоодон өткөн саясий партиялардын саны 290ду түздү (ТИЗМЕ)

697

Юстиция министрлиги Борбордук шайлоо комиссияссына каттоодон өткөн саясий партиялардын тизмесин сунуштады. Бул тууралуу БШКнын маалымат бөлүмү кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 1-сентябрга карата аталган тизмеде жетекчилери жана каттоодон өткөн (кайрадан катталган) датасы көрсөтүлгөн 290 саясий партия белгиленген. Партиялардын тизмесин билүү үчүн «290 саясий партия»  бул жерди басыңыз…

 

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүүгө шайлоону дайындоо жөнүндө расмий чечим жарыяланган күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон же кайра каттоодон өткөн саясий партиялар укуктуу.

Саясий партияларды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндө функцияларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы катталган саясий партиялардын тизмесин түзөт жана шайлоону дайындоо жөнүндө чечим күчүнө кирген кундөн тартып 3 календардык кундөн кечиктирбестен ар бир саясий партиянын жетекчисин көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактарына тизменин жарыяланышын камсыздайт жана ушул эле мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына көрсөтүлгөн тизмени жөнөтөт. Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө чечим саясий партиянын съездинде жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

698