Юстиция министрлиги Борбордук шайлоо комиссияссына каттоодон өткөн саясий партиялардын тизмесин сунуштады. Бул тууралуу БШКнын маалымат бөлүмү кабарлайт.
Маалыматка ылайык, 1-сентябрга карата аталган тизмеде жетекчилери жана каттоодон өткөн (кайрадан катталган) датасы көрсөтүлгөн 290 саясий партия белгиленген. Партиялардын тизмесин билүү үчүн «290 саясий партия» бул жерди басыңыз…
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүүгө шайлоону дайындоо жөнүндө расмий чечим жарыяланган күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон же кайра каттоодон өткөн саясий партиялар укуктуу.
Саясий партияларды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндө функцияларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы катталган саясий партиялардын тизмесин түзөт жана шайлоону дайындоо жөнүндө чечим күчүнө кирген кундөн тартып 3 календардык кундөн кечиктирбестен ар бир саясий партиянын жетекчисин көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактарына тизменин жарыяланышын камсыздайт жана ушул эле мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына көрсөтүлгөн тизмени жөнөтөт. Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө чечим саясий партиянын съездинде жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.