7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Юстиция министри жана “БУУ-аялдар” түзүмүнүн өкүлү кызматташуу маселесин талкуулады

643

Кечээ, 11-июнда КР юстиция министри Асел Чынбаева “БУУ-аялдар” түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Улзийсурен Жамсран менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрушүндө Асел Чынбаева Улзийсурен Жамсранды Юстиция министрлигинде президенттин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 Жарлыгынын алкагында мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен тааныштырды.

У.Жамсран Кыргыз Республикасындагы “БУУ–аялдар” түзүмүнүнүн программалары жана долбоорлору боюнча аткарылып жаткан иштер жана жетишкендиктер жөнүндө маалымат берди.

Белгилей кетсек, жолугушуунун жүрүшүндө Юстиция министрлиги менен Кыргыз Республикасындагы “БУУ–аялдар” түзүмүнүн кызматташтыгынын мүмкүн болуучу багыттары талкууланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

644