7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өз абасына зомбулук көрсөтүүгө шектелип 33 жаштагы жаран кармалды

131

Чүй облусунда үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө 1976-жылы туулган И.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, өзүнүн уулу — 1992-жылы туулган И.С.ке чара көрүүнү суранган.

Ал арызында, 2025-жылдын октябрь айында анын баласы Токмок шаарындагы үйүндө мас абалында болуп, одоно сөздөрдү айтып, анын денесине жаракаттарын келтирип, анын сол колун сындырганын билдирген.

“Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, жаран И.А.га ден соолукка анча оор эмес деңгээлдеги зыян келтирилген. Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 177-беренеси (Үй-бүлөлүк зомбулук) боюнча кылмыш иши козголду. Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык, 1992-жылы туулган И.С. аттуу жаран көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери улантылууда”, — деп жазылат маалыматта.

132